http://www.ktrk.kg/УКМК: Карамушкинанын маалыматы чындыкка дал келбейт

УКМК: Карамушкинанын маалыматы чындыкка дал келбейт

19 Авг , 19:19 327

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекет комитети, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын "атайын бөлүктүн кызматкерлеринин ур-токмогунан Курманбек уулу Миржан көз жумду" деп айтканы чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

“УКМК, Ирина Карамушкинанын айткандарын туура эмес маалымат таратып, коомчулукту адаштыруу деп баалайт. Кыргызстандын жарандары керектүү маалыматты тактоо үчүн тиешелүү органдарга кайрылса, алар расмий маалымат берет”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, так эмес маалыматтарды тараткандар мыйзам алдында жооп берээрин эскертет.

Новости по дате