http://www.ktrk.kg/Бейшеналиева көчөсүндө жолду тороп токтоп турган унаалар

Бейшеналиева көчөсүндө жолду тороп токтоп турган унаалар

19 Авг , 18:45 163

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Бейшеналиева көчөсүндө айдоочулар экинчи линияга унааларын токтотуп алышканын көрүүгө болот. Мындай нерсени жол коопуздук кызматкерлери карашпайт. Анан болбогон нерсеге айып салышат. Мына ушундайлардан биринчи баштаса, буларга очойтуп эле айып салганда гана экинчи мынтип токтотушпай калат. Айрыкча Киев-Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишине келгенде жол тыгын пайда болот. Мына дал ушулардын айынан тыгында турабыз. Тийешелүү органдар келип тартипке салып кетсе болот эле-деген шаар тургуну "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате