http://www.ktrk.kg/Корумду: селден кийин бузулган жолдор качан оңдолот?

Корумду: селден кийин бузулган жолдор качан оңдолот?

19 Авг , 19:04 158

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түп районун Корумду айылында 5-августа жааган жамгырдан кесепетинен сел жүрүп, жолдорду бузуп кеткен. Эми айыл тургундары жолду түрттүрүп беришин суранып жатышат. Себеби бул жолдон унаалар гана эмес адам басканга мүмкүн болбой калган. Айыл өкмөтү оңдойбуз деп айтып кеткен. Бирок ошол бойдон калды. Таза суубуз да жок арыктан суу ичип жашап келебиз. Өкмөт ушул көйгөйлөрүбүздү чечип, жолубузга шагыл төгүп, түрттүрүп берсе, -деген автор билдирүү калтырган.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате