http://www.ktrk.kg/Токмок: таштандылар убагында тазаланбайт

Токмок: таштандылар убагында тазаланбайт

20 Авг , 10:45 137

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Токмок шаарынын Мейманкана районунун тургуну "Элдик репортерго" таштанды маселеси боюнча кайрылган. Анын айтымында, Мейманкана районунда таштанды таштоочу жайларда качан көрбө таштандылар урналарга батпай, чачылып жатканын көрүүгө болот. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери бир жумада бир эле жолу келип, таштандыларды алып кетишет. Шамал болгондо бул таштандылар учуп кайра эле үйлөрдү каптап жатат. Мындан чыккан жагымсыз жыт айлана-чөйрөнү каптайт. Айланасында жаш балдар ойношот, ата-энелер сейилдеп жүрүшөт.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате