http://www.ktrk.kg/Ысык-Ата: Горький көчөсүнүн жолу оңдолсо...

Ысык-Ата: Горький көчөсүнүн жолу оңдолсо...

20 Авг , 11:04 227

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын Горький көчөсүнүн тургуну жолдун начарлыгына нааразы болуп "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Бул жол кейиштүү абалга келип калган. 2 жыл мурун акимиатка кайрылганбыз, жол оңдоо боюнча, жыл сайын кийинки жылга калтырып жатышат. Айылдын ичиндеги кичине жолдор оңдолуп жатат. Ал эми биздин жолдун абалы ушундай. 2 км эле жол оңдолбой жатат. Жолдун жамандыгынан маршруткалар жүрбөйт. Ушул маселебизди жергиликтүү бийлик карап, чечип берсе жакшы болмок.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате