http://www.ktrk.kg/Жумгал: көчөнү булгаган жашоочулар

Жумгал: көчөнү булгаган жашоочулар

20 Авг , 13:23 149

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жумгал районунун Байзак айылынын Назаров көчөсүнүн тургуну таштанды маселеси боюнча "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Анын айтымында, Видеодогу көрүп турган жерге таштанды таштаганга болбойт. Себеби бул жердин тегерегинде балдарыбыз көп ойношот. Көчөнүн тазалыгына айыл өкмөтү же тийешелүү кызматкерлер көңүл бурушпайт. Мынтип чачылып жатканына көп болду. Бул таштандыларды ушул эле көчөнүн тургундары таштап жатканын көрдүм. Буларга бир чара көрүп, айтып койгон деле эч ким жок. Өзүлөрү жашаган жерди таза кармашса болот эле го, - деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате