http://www.ktrk.kg/Кум-Дөбө айылынын тургуну электр кызматкерлерине нааразы

Кум-Дөбө айылынын тургуну электр кызматкерлерине нааразы

20 Авг , 14:01 226

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынын Сатыев көчөсүндө кооптуу абалда электр түркүгү турат. Мынтип турганына 3 жыл болгон. Качан үйүмдүн үстүнө кулап түшөт деген коркунучта жашап келем. Өзүм пенсиядагы кишимин. Электр кызматкерлерине кайрылсам жазда дейт, жазда болсо дагы бир шылтоону айтып келет. Ал эми үйүмдүн артында 10 метрдей жакындыкта трансформатор турат, ал дагы коркунуч туудурат. Тийиштүү органдар ушул трансформаторду башка жерге көчүрүп берсе жакшы болот эле,- деген билдирүүсүн айыл тургуну жиберген. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате