http://www.ktrk.kg/Баш мыйзам өзгөртүүлөргө муктаж

Баш мыйзам өзгөртүүлөргө муктаж

28 Апр 2016 , 2:30 1806

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары комитетинин Азимжан Аскаров боюнча чыгарган чечими, Кыргызстандын баш мыйзамында олуттуу так эместиктер бар экенин көрсөттү. Бул тууралуу Президенттин кеңешчиси Бусурманкул Таабалдиев билдирди. “Андыктан өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана улуттук коопсуздукту бекемдөө максатында өлкөнүн баш мыйзамына так өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. 

Бирок ал өзгөртүүлөр бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарына тиешеси болбошу керек деди”,- Таабалдиев. Анын айтымында, мамлекеттик органдардын укуктарын өзгөртүү жана бул багыттагы ар кандай эксперименттер өтө кооптуу. 

Азыркы бийликтин түзүмү өлкөдө туруктуулукту сактап, социалдык- экономикалык тармактарда өнүгүүнү жана мамлекет менен коомдо ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган. 

Белгилей кетсек, БУУнун адам укуктары комитети Конституциянын 41-беренесине ылайык, милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду бошотуу талабын койгон.


Новости по дате