http://www.ktrk.kg/Бишкекте жол кырсыктары 52% азайды

Бишкекте жол кырсыктары 52% азайды

21 Авг , 18:19 306

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Вице-премьер-министри  Жеңиш Разаков  «Коопсуз шаар» жана «Бузуулардын  бирдиктүү  реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун  ишине мониторинг жүргүздү.

Мониторингдин башкы максаты Бузуулардын бирдиктүү реестринин ишинин алкагында Бузуулар жөнүндө кодексти толук кандуу ишке ашыруу, ошондой эле «Коопсуз шаар» автоматташтырылган  маалыматтык тутумун Бузуулардын бирдиктүү реестрине интеграциялоо болуп саналат. 

Кеңешменин жүрүшүндө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы бакшрамалыгынын  жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов Коопсуз шаар долбоору ишке киргенден бери Бишкек шаарында жол кырсыктарынын саны 52 пайызга, Чүй облусунда 70 пайызга кыскаргандыгын билдирди. 

Бүгүнкү күнгө чейин 400 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталган. Анын ичинен 178 миңдей айып пулдар төлөнүп, бюджетке 200млн. сомдон ашык каражат түшкөн.

Новости по дате