http://www.ktrk.kg/Волейбол боюнча Кыргызстан курамасы Азия чемпионатынын жарым финалына жолдомо алды

Волейбол боюнча Кыргызстан курамасы Азия чемпионатынын жарым финалына жолдомо алды

21 Авг , 18:16 321

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатынын жарым финалына жолдомо алды. Бул туурасында КРнын волейбол федерациясынан билдиришти. Азиянын зоналык чемпионаты ушул күндөрү 7 команданын катышуусу менен Непал өлкөсүндө өтүүдө.  

Башкы машыктыруучу Андрей Анкудинов баштаган улуттук  курамабыз А группасында Непал, Мальдив аралдары командалары менен беттеш өткөрүп, эки беттеште тең жеңишке жетишип, мүмкүн болгон 6 упайга ээ болуп жарым финалга жолдомо алды.

Жарым финалда Кыргызстандын улуттук курама командасы А группасынан 2 -орунга ээ болгон команда менен беттеш өткөрөт.

Новости по дате