http://www.ktrk.kg/Канализациянын суусу Ысык-Ата суусуна кошулууда

Канализациянын суусу Ысык-Ата суусуна кошулууда

21 Авг , 14:55 161

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Ата суусунун жанында эле канализация жайгашыптыр. Эми бул канализациянын суусу ташып, сууга кошулуп жатат. Ал эми бул суудан айыл эли пайдаланат. Ысык-Ата курортунун жанында эле жайгашкан. Дагы бир жагдай, бул суунун жанында эле арык бар. Ал арыктын үстүнө ажаткана тургузуп коюшкан экен. Бул арыктагы суу барып каякка кошулат? Кайрадан эле сууга. Ким көзөмөлгө алат?- деп суроо салган автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате