http://www.ktrk.kg/Чүй облусундагы стационардык постторго видеобайкоо камералары орнотулду

Чүй облусундагы стационардык постторго видеобайкоо камералары орнотулду

21 Авг , 21:37 367

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коопсуздукту камсыздоо, жол кыймылын көзөмөлдөө, ошондой эле, коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу максатында Чүй облусундагы беш стационардык постко видеобайкоо камералары орнотулду. Видеокамералар бардык посттордун ички жайларын, ошондой эле тышкы аянттарын камтыйт. Орнотулган камераларда "жашыруун зона" деген, көмүскө жери жокко эсе. Транспорт каражаты токтогондон баштап, документтерди текшерүү жана инспектордун бардык кыймыл аракети камерага жазылып турат.

Видеобакоого жазылган баардык материалдар ИИМдин ЖКККББнын борбордук мониторуна чагылдырылып жана жооптуу кызматкерлер тарабынан көзөмөлгө алынат, жазуулар тутумда 30 күн сакталып. Зарыл болгон видеотасмалар тыкыр иликтенип текшерилет.

Ошондой эле жакынкы аралыкта, жол көзөмөлдөө башкармалыгы атайын комплекстерди орнотууну пландоодо. Издөөдө жүргөн жана төлөбөгөн айып менен изделген, автотранспорттордун өздүгүн аныктай турган программалык камсыздоо менен камтылмакчы. Учурдагы видеобайкоо камералары Чүй облусунун Киргшелк, Ленин, Ак-Жол, Военно-Антоновка жана Сосновка айылдарындагы стационардык постторунда орнотулган.



Новости по дате