http://www.ktrk.kg/Кыргызстан эгемендүүлүктүн 28 жылдыгын белгилейт

Кыргызстан эгемендүүлүктүн 28 жылдыгын белгилейт

22 Авг , 14:51 288

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз эли өз алдынча эгемендүүлүктү алганына быйыл 28 жыл болду. 1991-жылы 31-августта легендарлуу парламент Кыргызстандын "Көз карандысыздыгы жөнүндөгү" декларацияны кабыл алган. Ошондон тарта өлкөбүз эгемен мамлекетке айланган. Мына ушул эгемендүүлүгүбүздүн баасы, баркы тууралуу көрүнүктүү коомдук ишмерлер өз ойлорун билдиришти.

1991-жылдын 31-августу - кыргыз калкынын жаңы тарыхындагы, жаңы доорундагы өзгөчө күн болгон. Эркиндикке жеткен ошол күн али да эсибизден кете элек деп сыймыктануу менен эскерет “Көз карандысыздык жөнүндөгү” декларацияны кабыл алгандардын бири, легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев.

Эгемендикти алган жылдан баштап Кыргызстан дүйнөгө таанылды. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп, 200 мамлекеттин катарына кошулду. Көптөгөн мамлекеттер менен эки тараптуу дипломатиялык алака-катыш түзүп, мамиле күтүп аларга тенелди. Азыркы жашообуз оңой-олтоң келген эмес, мунун баары эгемендүүлүктүн түшүмү. Эгемендүүлүктүн баасы унутулбашы керек дешет улуу муундун өкүлдөрү.

Эгемендүүлүк үчүн советтик доордон бери күрөшүп келген Жусуп Абдрахманов, Сыдыков, Орозбеков сыяктуу мыкты инсандарыбыз бар. Ал адамдар сыяктуу мамлекеттик курууну, эгемендүүлүктү издеген адамдарыбызды унутпай, эгемендүүлүктү кыргыз элинин кылымдан бери талпынып, самап келген тилеги катары баалайлы дейт коомдук ишмер Жангороз Каниметов.

Көптөгөн азап-тозоктордон кийин алган эркиндигибиздин баасын, басып өткөн жолубузду, бай тарыхыбызды жаштарыбыз биле жүрсө деген тилектерин коомдук ишмерлер жашырышкан жок. 




Новости по дате