http://www.ktrk.kg/Россиядагы кыргызстандык мигранттар кайрымдуулук иш кылышты

Россиядагы кыргызстандык мигранттар кайрымдуулук иш кылышты

22 Авг , 16:58 270

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россиядагы кыргыз мигранттар Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Шаар айылында оор турмушта жашаган айыл тургунунун үйүн оңдоп беришти. Автордун айтымында, Айлыбыздын тургуну Асаналиев Канымбүбү жалгыз бой жашайт. Жашоодо көп оор күндөрдү башынан өткөрдү. Атасы тирүү кезинде 2 бөлмөлү үй салып берген. Ошол үйдө күнүмдүк жашоосун өткөрүп келген. Убакыттын өтүшү менен үйдүнүн эскилиги жетип калган. Биздин айылдын миргрант болуп Россияда иштеп жүргөн мекендештерибиз акча которуп, үйүн жылуулап, оңдоп-түзөп шарттын түзүп беришти,- деген жакшы жаңылыгы менен автор "Элдик репортерго" бөлүштү.  

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате