http://www.ktrk.kg/Ирина Карамушкина барымтага алууга катыштыгы бар деп шектелүүдө

Ирина Карамушкина барымтага алууга катыштыгы бар деп шектелүүдө

22 Авг , 21:39 290

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина барымтага алууга катыштыгы бар деп шектелип жатканы тууралуу билдирме алды.

Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы 22-августта билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин "Адамдарды барымтага алууга катышуу" жана "Кылмышка катышуу" беренелери боюнча шек саналууда. 

Бүгүн 1-май райондук сотунда Карамушкинанын бөгөт чарасы каралып, ал үй камагына алынды.




Новости по дате