http://www.ktrk.kg/Кароосуз калган балдардын саны өсүүдө

Кароосуз калган балдардын саны өсүүдө

28 Апр 2016 , 8:38 3318

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ата-энесиз кароосуз калган балдардын саны өсүүдө. Учурда алардын саны 8 миңден ашып муниципалдык, жеке менчик жана диний  балдар үйлөрүндө тарбияланышууда. Кээ бири чоңоюп калган учурда кароосуз калса дагы бирин төрөлгөндө эле ата-энеси таштап кеткен. Ал ортодо адистер коомдогу бул терс окуяларды алдын алуу зарылчылыгын белгилешүүдө.

Өлкө аймагында учурда 8200дүн айланасындагы 16 жашка чейинки  балдар социалдык мекемелерде баш калкалап келет. Алар мындай жагдайга түрдүү себептерден улам кабылган. Алсак ата-энеси ичкиликке берилип же миграцияга кеткен учурда балдар балдар каралбай калган. Ошондой эле төрөт үйүнөн эле түз жетимдер үйүнө барып калгандар.

Алар негизинен мамлекеттик жана жеке менчик балдар үйлөрүндө тарбияланышууда. Ал ортодо балдардын көйгөйлөрү менен алектенген адистер алдын алуу иштерин жүргүзүп, бул тармактагы маселеге башкача ыкманы сунушташууда.

Мындай шарттарда балдар өз үйүндөгүдөй билим алып, өспүрүмдөр менен жашайт. Ал жакта  SOS ата-энелер өз балдарындай тарбияланышат. Калыптанып калган балдар үйлөрүнө салыштырмалуу алар 23 жашына каржылык колдоо көргөзүп,  кесиптин ээси кылып коомчулукка тапшырат. ошол жере иштеп  арасында дагы алдын алуу иштерин жүргүзөт. дагы  жардам көргөзүп аларды окутушат.

Мындай тажрыйба дүйнөнүн 134 мамлекетинде колдонулуп жатат.  Кыргызстанда болсо  SOS балдар айылы 20 жылдан бери иштеп келет.  Учурда мындай балдар айылы Бишкек жана Чолпон-Ата шаарында бар. 

Новости по дате