http://www.ktrk.kg/Эгемендүүлүк күнүнө карата ИИМ күчөтүлгөн тартипте иштейт

Эгемендүүлүк күнүнө карата ИИМ күчөтүлгөн тартипте иштейт

27 Авг , 10:48 155

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эгемендүүлүк күнүнө карата жана эл аралык деңгээлде өтө турган иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Анын алкагында Бишкек гарнизонунун ички иштер органдары коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткаруудагы даярдыгы текшерилди. 

Ошондой эле, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өлкө боюнча жарандардын коопсуздугун сактоо зарылдыгын эскертти. Андан соң, аянтта ИИМдин тез чара көрүү отряды, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы, милициянын кайгуул-күзөт кызматы, кинологиялык бөлүм жана башка башкармалыктардын өкүлдөрү салтанаттуу жүрүштөн өтүштү.


Новости по дате