http://www.ktrk.kg/Мектептерге кошумча имараттар салына баштады

Мектептерге кошумча имараттар салына баштады

27 Авг , 15:42 82

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сокулук районунун Орок айылынын орто мектебине жана Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясына кошумча имараттар салына баштады. Курулушка бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков капсула салып, иш алга жылды. 

Орок айылдык орто мектебине кошумча 500 орундуу имарат салынууда. Ал эки кабаттуу жана заманбап үлгүдө болмокчу. Эски имарат 300 балага эсептелген болсо, азыркы учурда анда 2 миңден ашык окуучу билим алат. Курулуш иштеринин жалпы суммасы 92 млн. сом деп эсептелди. Ал эми борбор калаадагы №12 мектеп-гимназиясына 385 орундуу кошумча имарат салынмакчы. Белгилей кетсек, мектептерге кошумча имараттардын курулушуна коррупцияга каршы күрөштөн келип түшкөн каражат жумшалууда. 

Бирдиктүү эсептен ага жалпы 799 млн. сом бөлүнгөн. Бул каражатка Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жалпы 15 мектепке кошумча имараттар курулмакчы. Өлкө башчысы объектилердин курулушу мындан ары да уланарын, ар бир мектептин салынышы анын жеке көзөмөлүндө болорун кошумчалады.




Новости по дате