http://www.ktrk.kg/КТРКнын кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту

КТРКнын кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту

29 Авг 2019 , 17:10 1794

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Сыйлык алгандардын катарында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын дагы төрт кызматкери бар. “Маданият Тарых Тил” телеканалынын шеф-редактору Гүлмира Кулумбаева Кыргыз  Республикасынын маданиятына  эмгек  сиңирген ишмери  ардактуу наамына ээ болсо, “Кыргыз радиосунун” баяндамачысы Жыпар Ахматова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Ал эми, ШКУга мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйналышын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн КТРКнын телеоператорлор чыгармачыл секциясынын жогорку категориядагы башкы телеоператору Алмазбек Абдраимов менен «Маалымат» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин жогорку категориядагы режиссеру Жолдошбек Абдыбеков Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Сыйлыгыңыздар кут болсун, урматтуу кесиптештер!





Новости по дате