http://www.ktrk.kg/Мамлекет жеке бала бакчалар менен кызматташат

Мамлекет жеке бала бакчалар менен кызматташат

29 Авг , 22:13 80

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аз камсыз болгон, шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жеке бала бакчага бериле турган акынын жарымын мамлекет төлөп берет. Өкмөт мамлекеттик бала бакчалардын тартыштыгынан улам ушундай демилге көтөргөн. Жеке бала бакчанын кызмат көрсөтүүсүнүн акысы айрым ата-энелердин чөнтөгүнө ылайык келбейт. Ал эми мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү жайларында орун тартыш. Мындай көйгөйдү өкмөт жеке менчик бала бакчалар менен кызматташуу аркылуу жоюну максат кылат. Тагыраак айтканда аз камсыз болгон үй-бүлөнүн баласы үчүн кезек күттүрбөстөн, жеке бала бакчага берип, жарым акысы мамлекет тарабынан төлөнөт. Биз баш баккан жайдын жетекчилиги дал ушул багытта өкмөт менен келишим түзгөн.

Бул багытта кызматташуу үчүн жалпысынан тогуз жеке бала бакча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылган. Алардын кызмат көрсөтүүсүнүн баасы сегиз миң сомдон ашпашы керек. Бул азырынча Бишкек менен Ош шаарларында ишке ашырылып жаткан сыноо иретиндеги долбоор. Натыйжалуулугуна жараша келээрки жылдары жалпы өлкөгө жайылтылат.


Новости по дате