http://www.ktrk.kg/ Коррупциядан түшкөн каражаттардын депозитине дагы 31 милилон сом которулду

Коррупциядан түшкөн каражаттардын депозитине дагы 31 милилон сом которулду

30 Авг , 15:16 65

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коррупциядан түшкөн каражаттар чогула турган бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 31 млн сом которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

2018-жылы Каржы министрлигинде түзүлгөн эсепке коррупциядан түшкөн каражаттарды кайтаруу багытында 272 млн 815 миң сом келип түшкөн. Эске салсак, мамлекет башчы коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка Чүй облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерде 15 жаңы корпустар курула турганын билдирген. 

Жума башында Президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун Орок айылынын орто мектебине жана Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясына кошумча имараттардын пайдубалын түптөөгө катышкан.




Новости по дате