http://www.ktrk.kg/Алайдын Курманжан датка айылында санариптик берүүнүн сапаты начар

Алайдын Курманжан датка айылында санариптик берүүнүн сапаты начар

30 Авг , 14:29 61

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Алай районунун Курманжан датка айылында санариптик телеберүү май айынын бери жакшы тартпайт. Жергиликтүү тургундар санарипке караганда мурдагы аналогдук берүү жакшы болчу деген пикирде. 

"Спорт каналдарын, жаңылыктарды, түз эфирлерди дегеле эч нерсе жакшы көрө албайбыз дайыма каттып турат. Оңдогондор айтышат күн суукта жана күн ысыганда ошентип катып калат деп. Бизде жаан жаап калган күнү телевизор көрүү деген болбойт, күн ысыкта көрсөтпөй жатат. Макул анда кечкисин көрсөтсө болмок да, биздин оюбузча ээн эски же биздин жердин талаптарына жооп бербеген аппараттар коюлган, кепилдиги болуш керек да. 2017-жылы коюлуп жазда катып баштайт кышка чейин. Курманжан Датка айылында 3000ден ашуун жашоочу бар",- деп билдирген айыл туругун Айдаров Азизбек.


Новости по дате