http://www.ktrk.kg/Бала сатууга аракет кылгандар эркинен ажыратылды

Бала сатууга аракет кылгандар эркинен ажыратылды

2 Сент 2019 , 13:23 286

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңы төрөлгөн баласын сатууга аракет кылган келин менен эки дарыгер беш жылдан эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Окуя ушул жылдын февраль айында болгон. Анда 10 күн мурда көз жарган 25 жаштагы келин ооруканада иштеген эки кызматкер менен бирге ымыркайын саткан. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын бирин 5 миң сом алып, ымыркайды берип жаткан жеринен колго түшүргөн. Кийин ал аркылуу кылмышка тиешеси бар эки аял кармалган. Алар баланы 190 миң сомго баалашкан.

Айыпталуучулардын ар биринин үчтөн, төрттөн баласы бар. Фемида өкүлдөрү соттолуучуларды беш жылга темир тор артында калтырды.


Новости по дате