http://www.ktrk.kg/"Ак илбирсти сактайбыз!" урааны менен кайрымдуулук марафону өтөт

"Ак илбирсти сактайбыз!" урааны менен кайрымдуулук марафону өтөт

3 Сент 2019 , 22:58 256

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дени сак жашоо жана табият менен таттуу мамиледе болуу. Сентябрдын ортосунда "Ак илбирсти сактайбыз!" урааны менен борбордо кайрымдуулук марафону өтөт. Мелдештин жалпы байге фонду 4 жарым миллион сом. Катышуучулар чуркоо аралыгын тандап, ага жараша старттык сумма төлөшөт. Түшкөн каражаттын 50 пайызы ак илбирсти сактоо боюнча Глобалдык программасына өткөрүлүп берилет.

Кыргызстандын атын алыска таанытып, дүйнөлук мелдештердеги жеңиштери менен күйөрмандарын кубанткан жөө күлүк Бердигул Айтпай уулу 11 жылдан бери мындай мелдештерди калтырбай катышып келет. Анын айтымында, жарышка катышкандар өзүнүн ден соолугун чыңдоо менен биргеликте, тоо пири болгон ак илбирстерди сактоого эбегейсиз зор салымын кошушат.

Кайрымдуулук марафонуна ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын да катышуусу каралган. Жалпысынан 4 деңгээлдеги аралыкта чуркашып, ага жараша акчалай байгелер тапшырылат.

Дүйнөлүк аренада Кыргызстандын желегин желбиретип, атын даңазалаган Дарья Маслова, Виктория Полюдина, Адилет Кыштакбаев сыяктуу жеңил атлетчилер да бул жарышка катышышат. Мындан сырткары, Украина, Россия, Казакстан, Беларус, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин мыкты делген жөө күлүктөрү да чуркашат.
2015-жылы Улуттук банк ак илибрстин элеси түшүрүлүп, эки көзү бриллиант менен кооздолгон “Ак илбирс” алтын тыйындарын көпчүлүктүн назарына тартуулаган. Асыл таш чегерилген бул тыйындын баасы 64 миң сомду тузүп, "Кыргызстандын Кызыл китеби" сериясынын монеталарынын арасынан эң кымбат тыйын деп табылган.

Ак илбирс дүйнөнүн 12 гана өлкөсүндө кездешет, алардын ичинде Кыргызстан да бар. Ак илбирс же болбосо ак кабылан тоолуу Кыргызстандын башкы символу болуп саналат.


Новости по дате