http://www.ktrk.kg/Абылгазиев: Укук коргоо органдарында кайдыгер кызматкерлерге орун жок

Абылгазиев: Укук коргоо органдарында кайдыгер кызматкерлерге орун жок

4 Сент , 14:06 137

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкектеги эки жарандын катуу ур-токмокко алынган фактысын тыкыр иликтөө боюнча чара көрүүнү тапшырды. Өкмөт башчы Саламаттык сактоо министрлигине жабыркагандарга жетиштүү медициналык жардам көрсөтүүнү, зарыл дары-дармектер менен камсыздоону буюрду. Окуя болгон жерге келип, кайдыгерлигин көрсөткөн милиция кызматкерине карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Укук коргоо органдарында мындай кызматкерлерге орун жок, - деди Абылгазиев.

Премьер-министр окуяга байланыштуу күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүнү жана бардык мыйзам талаптары боюнча жоопко тартуу керектигин белгиледи.

Ленин райондук прокуратурасы Бишкекте эки киши катуу сабалган мушташ боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Маалыматка караганда, Бишкектин Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода борборунун жанындагы мушташка катышып, эки кишини катуу сабагандарды окуя болгон жерден милиция алып кеткен. Алар аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилип, кайра коё берилген. Кийин аларга издөө жарыяланган.

Милиция кызматкерлеринин аракети «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергейт. 28-августта болгон мушташта эки киши жабыркап, бири эс-учун билбей жатат. Бишкек милициясы мушташка катышкан Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков изделип жатканын кабарлады.

Эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга да тарап, кызуу талкууга алынды. Анда сабалгандардын бирөө катуу соккудан эсин жоготуп, каршылык көрсөтүүгө аракет кылган экинчиси катуу тепки жегенин көрүүгө болот.


Новости по дате