http://www.ktrk.kg/Бишкекте мыкаачылык менен сабалган бейтаптардын абалы турукташты

Бишкекте мыкаачылык менен сабалган бейтаптардын абалы турукташты

4 Сент , 21:32 130

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте мыкаачылык менен сабалган бейтаптардын абалы турукташты. Бул тууралуу Улуттук госпиталдан билдиришти. Ал ортодо ур-токмокко катышкандарды жаап-жашырган милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун башкы прокуратура билдирди. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, бир милиция кызматкери жумуштан алынып, дагы үчөө кызматынан ылдыйлады.

Катуу ур-токмокко алынган Улан Белековдун диагнозун дарыгер санап бүтө албай жатат. Бейтаптын башы, мурду, көзү, жаагы жабыркап, айтор бетинде тамтыгы калган эмес.

Бейтаптын абалы турукташып, жандандыруучу бөлүмдөн палатага которулду. Бирок алдыда татаал операция турат. Ал эми экинчи сабалган жаран - Асылбек Молдожиев дагы ооруканага оор абалда түшкөн. 5 күн бою эс-учун билбей жатып, кечээ эле өзүнө келди.



Новости по дате