http://www.ktrk.kg/Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарына даярдыктар башталды

Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарына даярдыктар башталды

5 Сент , 14:33 69

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Таласта өтүүчү республикалык Улуттук көчмөндөр оюндарынын спорттук иш-чаралары 16-сентябрда башталат. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, иш-чаранын маданий бөлүгү 19-сентябрда башталуусу күтүлүүдө. 

Бүгүндөн тарта Талас шаарында атайын штаб ачылып, маданий программаларды даярдоо иштери кызуу башталды. Улуттук көчмөндөр оюндарынын максаты - өлкөдөгү элдер арасындагы этномаданияттын нускалыгын сактоо менен аны жандандырып, өркүндөтүү. 

Ошондой эле, этностор жана элдер арасында толеранттуу мамилени курууга үндөө болуп эсептелет. Эске салсак, республикалык Улуттук көчмөндөр оюндары 2019-жылдын 16-21-сентябрь күндөрү Таласта өтөт.


Новости по дате