http://www.ktrk.kg/Жыргалаң жайлоосундагы көпүрөлөр качан оңдолот?

Жыргалаң жайлоосундагы көпүрөлөр качан оңдолот?

6 Сент , 20:03 44

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тасмада Жыргалаң шахтасынын үстүндөгү жайлоонун көчөсүнүн, негизги эки көпүрөнүн абалы көрсөтүлгөн. Аталган жайлоодогу көпүрөлөр чирип, унаа менен өтүү коркунучтуу болуп калган.

"Өткөндө "Элдик репортерго" көпүрө тууралуу видео жөнөтсөк, андан кийин райондук аким суйлөп жатат, көпүрө жасадык деп, көрүнүп тургандай бир да көпүрө жасалган жок. Бул көпүрө 10-15 жыл мурда жасалган, чирип, тешиле баштады. Кайдагы көпүрөнү жасалды деп айтып жатат билбейм. Жыргалаң жайлоосунда негизи эки эле чоң көпүрө бар, ушуну оңдоп коюп анан айтышса, жөн эле калпты айта бербей. Жайыт комитети жол, көпүрө салганга деп акча чогултат, бирок эч кандай аткарган иштери көрүнбөйт",- дейт жергиликтүү тургун. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18. 

Новости по дате