http://www.ktrk.kg/Комуз күнүнө арналган саамалык Ысык-Көл облусунда өттү

Комуз күнүнө арналган саамалык Ысык-Көл облусунда өттү

9 Сент , 13:39 42

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Комуз күнүнүн урматына Ысык-Көл облусунун Корумду айылында майрамдык саамалык өттү. Салтанатка Ысык-Көл районунун мектеп окуучулары комузда кол ойнотуп, келгендерге өз өнөрлөрүн тартуулашты. 

Ошондой, эле күү атасы Карамолдонун өмүр жолунан театрлаштырылган оюн көрсөтүлдү. Карамолдо Орозов дал ушул Корумду айылынан чыгып, кыргыздын улуттук аспабы - комуз аркылуу күү дүйнөсүн даңазалап, бул өнөрдүн кылымдар бою жашашына түгөнгүс мурас калтырган улуу инсан катары таанымал. 

Дал ушул өнөрдү аздектеп келе жаткан, күү өнөрүнүн чебери Самара Токтакунова саамалыкта кадырлуу конок болуп, жаш муунга насаатын айтып, өнөрүн тартуулады. Иш-чаранын алкагында элет жеринде комузчулук өнөрдү улантып келе жаткан устаттар сыйланды.

«Комуз күнү жаш комузчулардын тарбияланышына, аларлын ичинен улуу комузчулардын өсүп чыгышына чоң өбөлгө болот деп ишенем. Андыктан 9-сентябрь Комуз күнү деп президентибиз тарабынан жарыяланганына ыраазыбыз. Жылда өтө берсин бул майрам»,- деди КРдин Эл артисти Самара Токтакунова.

“Мына биз азыр залкар комузчуларыбыз менен бирге, "Устат шакирт" борбору даярдаган жаш жеткинчек комузчуларыбыз менен чогуу күү атасынын өнөрүн улантып, даңазалап отурабыз. Бул саамалыктын колго алынып жатканы туура. Анткени, биз бул өнөрдү сөзсүз кийинки муунга жайылтышыбыз керек”,- деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев.

Новости по дате