http://www.ktrk.kg/Шаар тургуну "Бишкек суу канал" ишканасына эмне үчүн нааразы?

Шаар тургуну "Бишкек суу канал" ишканасына эмне үчүн нааразы?

9 Сент 2019 , 15:58 249

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Үмүталиев менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиш жеринде "Бишкек суу канал" ишканасы 28-август күнү келип жерди казып, суу түтүктөрүн карап кетишкен. Бирок ишти аягына чейин чыгарбастан, казылган жерди ошол бойдон  калтырып кетип калышкан. Бул райондо 3-4 жылдан бери суу жок. Канча жолу кайрылдык. Жаш балдар түшүп кетсе эмне болот? Түнкүсүн чоң адамдар деле көрбөй, түшүп кетиши толук мүмкүн. Себеби эч жери тосулган эмес,- деген шаар тургуну "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү калтырган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18. 

Новости по дате