http://www.ktrk.kg/Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө имаратка көчүрүлөт

Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө имаратка көчүрүлөт

9 Сент , 17:46 61

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт. Бул туурасында Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын Нарын облусуна жумуш сапары учурунда билдирилди. Өмүрбекованын айтуусунда, имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн тиешелүү акча каражаты каралды. Учурда оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле, жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документациясы даяр. Белгилей кетсек, Кеңеш айылындагы мектептин эки окуу корпусу бар, анын бирөө авариялык абалда, ал эми экинчисинде балдар билим алууда.

Вице-премьер-министр жумуш сапарынын алкагында Кочкор, Ак-Талаа жана Нарын райондорундагы авариялык абалдагы мектептерди көрдү. Мындан тышкары Алтынай Өмүрбекова Кочкор районундагы Кара-Мойнок жана Дөң-Алыш айылдарындагы жаңы мектептердин ачылышына катышты. 

Вице-премьер-министр Өкмөт авариялык абалдагы мектептер боюнча маселени жакынкы жылдары чечүү милдетин койгонун кошумчалады. Маалымат үчүн айта кетсек, учурда жалпы Нарын облусу боюнча 18 объекттин курулуш иши жүрүүдө, анын ичинде Ат-Башы районунда 2 бала бакча, Ак-Талаа районунда эки мектеп жана бир кошумча курулуш, Жумгал районунда үч мектеп жана 1 кошумча курулуш, Кочкор районунда төрт мектеп, 2 кошумча корпус, 2 спорт зал, Нарын районунда спорт залдын курулушу жүрүүдө.

Новости по дате