http://www.ktrk.kg/Кызарт: санарип маселеси чечилди

Кызарт: санарип маселеси чечилди

10 Сент , 12:32 218

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

POST1RIGHT

5-сентябрда "Элдик репортер" рубрикасына Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө караштуу Кызарт айылынын тургунунан санарип телеберүүлөрү начар көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча билдирүү келген. Көп узабай эле, ушул маалыматты жөнөткөн автор, РПО РМТРдин кызматкерлери келип санарип толкундарын Майлыбай у Абдразак менен Сатар Жумаев көчөлөрүнөн текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишти.Тургундардын көп эсеби, Кызарт айылына орнотулган ретранслятордон 42 ТВК соцпакет 11 канал көрүшөт. 42 ТВК соцпакет 14 канал РРС-64 көрсөтөт. Кээ бир үйлөрдө санарип начар көрсөткөнүнүн себеби, кабыл алуучу антенналары, кабелдери, ресиверлери начар абалда болгондугунан ушундай көйгөйлөр жаралып жатыптыр. Текшерүүлөр өз жеринен жана адистер менен биргеликте жүргүзүлдү,- деген билдирүүсүн кайрадан жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате