http://www.ktrk.kg/Ата-энесинин унаасын айдап кеткен өспүрүмдөр кырсыктан көз жумду

Ата-энесинин унаасын айдап кеткен өспүрүмдөр кырсыктан көз жумду

11 Сент , 14:04 293

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жайыл районунда 17 жаштагы бала айдап бара жаткан унаа кырсыкка кабылып, 2 адамдын өмүрү кыйылды. 

Кырсык Полтавка–Орто-Суу жолунда болгон. 11-классынын 2 окуучусу жана Ново-Николаевка айылындагы мектептин 1-классынын окуучусу бара жаткан «Ниссан» үлгүсүндөгү машина даракка урунган. Натыйжада 16 жаштагы  айдоочу жана 7 жаштагы   тууганы алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде көз жумушкан. 

16 жаштагы дагы бир бала ар кандай жаракаттарды алып аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Окуянын  чоо-жайы такталууда.

Новости по дате