http://www.ktrk.kg/ Сооронбай Жээнбеков элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды

Сооронбай Жээнбеков элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды

11 Сент , 21:07 146

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда дипломатиялык ишмердигин баштаган бир катар мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Алар Улуу Британия, Казакстан, Малайзия, Армения жана Индонезия мамлекеттери. Кыргызстан алыскы Улуу Британия менен адам укуктары, парламенттик демократияны бекемдөө багытында кызматташса, коңшу Казакстан менен өнүктүрө турган ондогон тармактар бар. Индонезия, Малайзия мамлекеттеринин элчилери менен соода экономикалык, билим берүү, туризм алакасы боюнча кеңири сөз болду.

Чарльз Гарретт Улуу Британиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси. Аны Ак үйдүн алдында ардак кароол өзгөчө салтанат тосуп алды. Ишеним грамотасын алгачкылардан болуп тапшырууга келген элчи өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашты.

Улуу Британиянын Элчиси, жашап жүргөн өлкөнүн мамлекеттик тилин үйрөнүү - бул мамлекетке болгон урматтоонун белгиси болуп саналаарын белгиледи. Президент баарлашууда Кыргызстандын өнүгүүсүнүн дал ушул кызыктуу баскычында дипломатиялык миссиясын өтөө ал үчүн абдан чоң ийгилик экенин айтат. 

Казакстандын элчиси дагы Кыргызстанда дипломатиялык миссиясын жакынкы убакыттан бери гана баштады. Кайрат Нурпеисов өлкө башчысы менен баарлашууда эки мамлекетти мындан да жакындатууга максималдуу аракеттерди көрүп, жигердүү кызматташууга даярдыгын билдирди. Эки коңшу өлкөнүн алакасында жалпы маселелер жүздөп саналарын белгилесек болот, чек арадан башталган мамилелер, ири соода экономикалык долбоорлордо, саясий жана маданий гуманитардык маселелерде, ага катар эл аралык уюмдардагы кызматташтыкта ийгиликтүү уланууда.

Андан соң, Малайзиянын, Армениянын жана Индонезиянын элчилери президентке ишеним грамоталарын тапшырышты. Армениянын элчиси эки өлкөнүн аралыгы алыс болгонуна карабай, соода экономикалык алаканы бекемдөө аракетин көрөрүн белгиледи. Ал эми Индонезиянын Элчиси Кыргызстан менен өз ара кызыкчылык жарата турган бардык тармактарда кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал жакында Индонезияда эл аралык ЭКСПО көргөзмөлөрү өткөрүлө турганын белгилеп, кыргызстандык ишкерлерди катышууга чакырды.

Кыргызстанга кош келдиниз, сиз менен корушуп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Элчи болуп келгенинизди куттуктайбыз. Эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык терен онугот деп терен ишенем. Бизге абдан тажрыйбалуу элчи келиптир деп кубанып турабыз. Биздин өлкөгө биринчи жолу келген айрым элчилер Кыргызстандын табиятына да өзгөчө маани беришкенин, кооз жаратылышка суктанып турганын жашырышкан жок.

Өз кезегинде өлкө башчысы элчилер менен баарлашууда саясаттан тартып маданиятка чейин кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын жана кызыкдарлыгын билдирип, ага катар туризм жана инвестициялык долбоорлорго артыкчылык берилерин белгиледи.


Новости по дате