http://www.ktrk.kg/Жол коопсуздугун камсыздоо максатында "Коопсуз каттам" акциясы өттү

Жол коопсуздугун камсыздоо максатында "Коопсуз каттам" акциясы өттү

11 Сент , 22:07 109

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаанын унаа жолдорунда коопсуздукту камсыздоо максатында "Коопсуз каттам" акциясы өткөрүлдү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мэрия кызматкерлери, ыктыярчылар менен биргеликте уюштурган иш-чарада жүргүнчүлөр менен жөө адамдарга жол коопсуздугун сактоо эрежелери жана жол белгилери боюнча түшүндүү иштери жүргүзүлдү. Коомдук транспорттордогу өткөн иш-чарага биздин кабарчылар да күбө болушту. Адистердин айтымында, жүргүнчүлөр жол эрежелерин жакшы билгени менен аны дайым эле сактай беришпейт, муну шаар тургандар моюндарына алышат.

Иш-чарада мектеп окуучуларына караңгыда жарыкка чагылдырылуучу атайын белгилер белекке берилди. Ыктыярчылар тобунун өкүлү жол коопсуздугун камсыздоого айдоочулардан тартып, жөө жүргүнчүлөргө чейин салым кошуп, улуу муундун өкүлдөрү жаштарга үлгү көрсөтүшү керектигин айтат.

Акция өткөн автобустарга балдар тарткан жол эрежесине байланыштуу сүрөттөр илинген. Иш-чара жаңы окуу жылында мектеп окуучулары үчүн маанилүү экендиги белгиленди. Мындай коопсуздуктун алдын алуу иш-чарасы борбор калаада алгач ирет өткөрүлдү. Мындай аракет жакшы жыйынтыгын көргөзсө, коомдук транспорттордо маал-маалы менен өткөрүлүп турмакчы.



Новости по дате