http://www.ktrk.kg/Абаны уулуу зат менен булгоодо автотранспорт биринчи орунда турат

Абаны уулуу зат менен булгоодо автотранспорт биринчи орунда турат

13 Сент , 10:38 154

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жылытуу мезгилинин башталышы менен абанын булгануусуна байланыштуу маселе биринчи планга чыгат. Абанын булганышы өзгөчө адамдын ден соолугуна олуттуу зыян алып келет. Адистердин айтымында, унаалардан чыккан көмүр кычкыл газы, таш көмүрдүн иси, жалбырактар менен таштандыларды өрттөөдөн чыккан түтүн абанын булгануусунун негизги себеби. 

Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсү боюнча, унаалардан чыккан зыяндуу түтүндүн көлөму 300 миң, ал эми мунай затын колдонуудан 60 миң тонна химиялык зат бөлүнөт. Натыйжада, абаны уулуу зат менен булгоодо автотранспорт биринчи, энергосектор экинчи катарда, ал эми үчүнчү орунда өндүрүш ишканалары турат.

Новости по дате