http://www.ktrk.kg/Кулматов-Ибраимов соту: Калиев сурак берди

Кулматов-Ибраимов соту: Калиев сурак берди

13 Сент , 13:33 144

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек  шаарынын  Ленин райондук сотунда  Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча сот отуруму уланды. 

 Отурумда  күбө катары «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын мурдагы  жетекчиси Айбек Калиев   Кулматов мэр болуп иштеп турганда   курулган Калыс-Ордо конушундагы мектеп боюнча суралды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылы Кулматов ТВЕА компаниясы Бишкек жылуулук борборун  модернизациялоонун алкагында эки жаңы мектептин курулушу үчүн берген 2 млн доллар грантты мыйзамсыз пайдаланган. 

 Калиевдин айтымында, 2012-2015-жылдары энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп иштеген. 2014-жылы 10-сентябрда TBEA компаниясы менен 20 млн 300 миң доллар грант бөлүү тууралуу келишимге кол койгон. Мамлекеттик айыптоочу мектептин курулушуна канча акча бөлүнгөнүн сурады. Калиев 2 млн. доллар бөлүнгөнүн айтты.

Мурунку мэрлер жана башка айыпталуучулар Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу, «Дастан» ААК каражатынын сарпталышы жана муниципалдык жерлерди берүүдөгү коррупцияга байланыштуу айыпталууда.

Новости по дате