http://www.ktrk.kg/ЖККУнун эл аралык жаштар мектебинин форуму Бишкекте ачылды

ЖККУнун эл аралык жаштар мектебинин форуму Бишкекте ачылды

13 Сент , 13:54 67

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун эл аралык жаштар мектебинин "Евразиялык коопсуздук: перспективалык багыттар" аталышындагы форуму Бишкекте ачылды. Ага ЖККУга мүчө мамлекеттердин жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана Сербиянын Аскер академиясынын курсанттары катышты. 

"Евразиялык коопсуздук: келечектүү багыттар" деп аталган ЖККУ жаштар мектебинин эл аралык форуму бир аянтка Россия, Тажикстан, Сербия жана Кыргызстандын өкүлдөрүн чогултту. Максаты - Жамааттык коопсуздук жана келишим уюмунун жаштарынын кызматташуусун бекемдөө.

Форумду Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев ачты. Ал келгенде ЖККУдагы коркунучтарды төмөндөтүү, мыйзамсыз миграция, терроризм менен күрөшүү, мыйзамсыз маңзаттардын айлануусуна жана интернеттеги мыйзамсыз аракеттерге каршы "Легалсыз", "Канал", "Башкесер" жана "ПРОКСИ" операцияларын өткөрүү менен Кыргызстанда аткарылган иштерди айтып берди.
Форумдун ишине Сербиянын өкүлдөрү көз салды. Балкан мамлекеттери ЖККУга байкоочулук кылат.  Жаштар мектебинин программасында маалыматтык коопсуздуктагы көйгөйлөр боюнча пленардык сессия каралган.
Белгилей кетсек, 28-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук жана келишим уюмунун кезектеги жыйыны өтөт жана Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылат. Сессияда аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери талкууланаары жана уюмга мүчө мамлекеттердин бул жаатта кызматташуусун бекемдөө тууралуу документтерге кол коюусу күтүлүүдө.


Новости по дате