http://www.ktrk.kg/Талас облусунда 16-сентябрда Улуттук көчмөндөр оюндары башталат

Талас облусунда 16-сентябрда Улуттук көчмөндөр оюндары башталат

15 Сент , 21:19 188

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

16-сентябрда Кыргызстанда Улуттук көчмөндөр оюндары башталат. Ал быйыл Талас облусунда өтмөкчү. Көчмөн оюндарын жыл сайын ар облуста өткөрүп туруу чечими былтыр кабыл алынып, быйыл биринчи жолу өткөнү турат. Талас облусунда бүгүн улуттук деңгээлдеги иш-чарага акыркы даярдыктар көрүлүп бүттү. Көчмөн оюндарына быйыл 500дөн ашык спортчулар жана эки миңдей маданият кызматкерлери катышаары күтүлүүдө.

Улуттук көчмөн оюндарынын максаты- көчмөн элдердин маданий байланыштарын бекемдөө, каада салт, нарк насилди даңазалап, көчмөндөрдүн улуттук оюндарын сактоо жана дүйнөгө жайылтуу жана этноспортту өнүктүрүүгө багытталган. Мындан сырткары массалык иш-чаралар аркылуу өлкөнүн туризм потенциалын жогорулатууга да маани берилет.



Новости по дате