http://www.ktrk.kg/Красноярск шаарындагы өрттө прокурор үй-бүлөсү менен каза болду

Красноярск шаарындагы өрттө прокурор үй-бүлөсү менен каза болду

16 Сент , 15:11 383

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россиянын  Красноярск шаарындагы беш кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 8 киши каза болду.  Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, өрт көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан чыккан. Өрт чыккан батирде Лесосибирсктин прокурору Василий Федорцов, үй-бүлөсү, эки эжеси бар болгон. Натыйжада 8 адам каза болду, алардын катарында 4 бала.

 Алдын ала божомолдорго караганда, кырсык электр чубалгыларынын туура эмес туташтырылганынан келип чыгышы мүмкүн.  

Учурда  тиешелүү органдар   кырсыктын келип чыгуу себептерин териштирүүдө.  

Новости по дате