http://www.ktrk.kg/"Турук" көмүр кениндеги мамлекеттин үлүшү 10 пайызды түзөт

"Турук" көмүр кениндеги мамлекеттин үлүшү 10 пайызды түзөт

16 Сент , 16:04 55

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ак-Талаа районундагы "Турук" көмүр кенинде 10 пайыз мамлекеттин үлүшү болот. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Аталган кенди аукцион аркылуу “Ырыс-Кен” аттуу компания 205 миң долларга сатып алган. Өкмөт мындан ары кен иштетүүгө лицензия берүүдө милдеттүү түрдө мамлекеттин үлүшүн сактоо тууралуу эреже киргизүүдө.

“Турук кени 205 миң долларга сатылган. Компания өз каалоосу менен 10 пайыз үлүштү мамлекетке өткөрүп берди. Кендерди мамлекеттин үлүшү менен сатуу саясатын жүргүзөбүз. Алдыда дагы 3 аукцион болот. Алардын жыйынтыгы менен да мамлекеттин үлүшү сакталат", - деди Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Мырза Жаманбаев. 

Новости по дате