http://www.ktrk.kg/Бишкек: мекемелер тегерек четтин тазалашпайт

Бишкек: мекемелер тегерек четтин тазалашпайт

16 Сент , 16:48 52

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Ленин районундагы Островский жана Матыев көчөлөрүнүн тургундарынан билдирүү келип түшкөн. Алардын айтымында, Баха менен Островский көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде мекемелер жайгашкан. Бул мекемелер тегерек четин такыр тазалашпайт. Таштандыга толуп кеткен. Иттердин өлүктөрү жатат. Кудуктар ачык бойдон жатат, мектеп окуучулары ушул жол менен өтүшөт. Тийиштүү органдар чара көрүп коюшса. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18. 



Новости по дате