http://www.ktrk.kg/Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары башталды

Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары башталды

16 Сент , 21:15 192

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Талас шаарында Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк-бөрү оюну боюнча биринчи оюн өтүп, талаада Ош менен Нарын облусунун улакчылары беттешти. Оюн абдан кызыктуу өтүп, жыйынтыгында Оштун улакчылары Нарындын командасын 12:0 эсебинде артта калтырды. Чучукулактын жыйынтыгы менен турнирде 9 команда ойной турган болду.

Талас шаарындагы ат майдан таң эрте өзгөчө шаңга бөлөндү. Бир тарапта улуттун сыймыгы болгон көк бөрүнүн оюнчулары аргымактары менен мелдешке даярдык көрүп жатса, экинчи тарабында күйөрмандары болушту.

Бүгүн Талас шаарындагы ат майданында башталган көк бөрү оюнунун алгачкы мелдешинде Ош менен Нарындын командалары беттешти. Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында этноспорттун 8 түрү даңазаланат. 7 дубандан 700дөй оюнчу катышат. Ал эми улутубуздун сыймыгы болгон көкбөрү мелдеши 17-сентябрда уланат.

Новости по дате