http://www.ktrk.kg/Коомдук унааларда кыйналган окуучулар

Коомдук унааларда кыйналган окуучулар

17 Сент , 15:59 65

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук унааларда тыгылып, мектепке араң каттап жүргөн окуучулардын абалы айрым чиновниктер үчүн таң калыштуу болсо, коомчулук үчүн көнүмүш эле адатка айланган. Миллиондогон акча каражатын чиновниктер уурдап, жең ичинен жегенге табылат дагы, ушул окуучулар үчүн унаа жагын чечип бергенге эч эле өкмөттүн мүмкүнчүлүгү болбой койду деп нааразы болгон ата-энелер четтен чыгат.

Ал эми, бул видеодогу көрүнүш Алтын-Ордо жаңы конушундагы окуучулардын абалы. №199 маршруттук унаадан башка коомдук унаа кирбегендигине байланыштуу күнүгө тыгын. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате