http://www.ktrk.kg/Көчмөндөр оюндары: тогуз коргоол боюнча мелдеш башталды

Көчмөндөр оюндары: тогуз коргоол боюнча мелдеш башталды

18 Сент , 22:12 86

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында тогуз коргоол оюну боюнча мелдеш Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектептин имаратында башталды. Ага 36 оюнчу катышууда. Республиканын баардык аймактарынан мыкты оюнчулар тандоо турдан өтүп келишкен.

Мухаммед Полотов Ош облусунун Ноокат районунан келген оюнчу. Ал тогуз коргоолду жеткинчек кезинен үйрөнүп, ойноп келе жатат. Мектепте уйрөткөн агайынын насааты менен райондогу, облустагы мелдештерде ийгиликтерге жетишип жүргөнүн айтат.

Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте өтүп жаткан мелдешке республика боюнча 36 оюнчу катышууда. Мелдештин ачылышында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Канатбек Арпачиев жана оюн чеберлери катышуучуларга ийгилик каалады.

Калыстардын айтымында, бул мелдешке катышып жаткан 36 оюнчу өз аймактарында мыкты көрсөткүч менен таанылган тандалма оюнчулар. Демек, ушул күндөрү Талас жергесинде өлкөнүн мыкты акыл таймашы орун алат. 



Новости по дате