http://www.ktrk.kg/Энергетикалык натыйжалуулукту аныктоочу лаборатория ачылды

Энергетикалык натыйжалуулукту аныктоочу лаборатория ачылды

20 Сент , 9:16 45

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда жарык чыгаруучу жабдыктардын энергиялык натыйжалуулугун аныктоо боюнча сыноо лабораториясы ачылды. Ал Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун имаратына жайгаштырылды. 

Лаборатория БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашып, жалпы 119 млн 912 миң доллар сарпталган. Анын ачылышына Экономика министрлигинин, БУУнун жана Орусиянын элчилигинин өкүлдөрү катышты. 

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын август айында ЕАЭБдин «Электр энергиясын сарптоочу жабдыктардын энергетикалык майнаптуулугуна болгон талаптар» деген техникалык регламент кабыл алынган. Ал электр жабдыктарына карата талаптарды коет.

Новости по дате