http://www.ktrk.kg/Улуу Жеңиш күнүнө карата даярдык иштери жүрүүдө

Улуу Жеңиш күнүнө карата даярдык иштери жүрүүдө

2 Май 2016 , 7:40 5112

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуу Жеңиш күнүнө карата даярдык жүрүүдө. Өкмөт бекиткен планга ылайык, 9-май күнү өлкөнүн бардык облустарында Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 71 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт. Борбор калаада болсо Жеңиш аянтында салтанаттуу иш-чара өтөт. Ал эми кечкисин майрамдык концерт өтөрү кабарланууда. Ал эми эски аянтта болсо “Өлбөс полктун” жүрүшү өтөт. 

Эскерте кетсек, согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүп алып чыгышкан жүрүштөр бул күнү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өткөрүлүп жүрөт. Кыргызстан бул акцияга 2013-жылы кошулган. 

Өлбөс полктун жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары, ооруктун кызматкерлери, партизандар, туткунга түшкөндөр, блокадачылар деги эле фашизмге каршы күрөштө жеңишке жетүүгө салым кошкондор эскерилет.

 

Улуу ата мекендик согушка барып кашык канын аябай салгылашкан аталардын эрдиги унутулбайт. Дал ушундай максатты көздөгөн өчпөс полкттун жүрүшү быйыл Кыргызстанда төртүнчү жолу өтөт. Акцияга катышкан ар бир жаран согуштан кайтпай калган аталардын элесине таазим кылып, өзүнүн ата бабасынын эрдигин даңктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Бексултан Жүрсүнов согуш талаасына 1939-жылы 19 жашында аттанып, 1946-жылы үйүнө келген. Кызы Ажар Журсунованын айтымында, атасы БелАрус фронтунда артиллериялык топто командир болуп кызмат өтөптүр. Согуштагы көрсөткөн эрдиги үчүн ал “Варшаваны алгандыгы” жана “Берлинди багындырганы үчүн” сыяктуу бир катар орден, төш белгилер менен сыйланган. 

Бексултан Жүрсүновдун үй бүлөсү ушуну менен экинчи жолу өчпөс полктун жүрүшүнө катышканы турат. Чоң атасынын сүрөтүн бул күнү Аширжан Арзиевдин да, неберлери сыймыктануу менен көтөрүп чыгат. Согуштун алгачкы күндөрүндө колуна ок тийип жарадар болгон Аширжан Арзиев, кийин оорукта эмгектенген.

Бишкекте өчпөс полкттун жүрүшү түштүк дарбазадан башталып, жеңиш аянтына келип токтойт. Бул саамалык фронтко катышкан ар бир ардагерди алардын чинине карап бөлбөстөн бириктирет. Учкучтар, танкисттер лейтенанттар генералдар жана жөнөкөй жоокерлердин өлбөс өчпөс кадамдары бир катарда ташталат.

9-май күнү айдоочулар кыймылын алдын ала пландап алышы кажет. Анткени жүрүш маалында көчөлөрдүн 12 кесилишинде жолдор убактылуу жабылат. Эртең мененки саат тогуздарда түштүк дарбазада чогулган Өчпөс полк мурунку Совет көчөсү менен Фрунзе көчөсүнө чейин ылдый түшөт.

Зульфира Хайбуллина, өчпөс полктун Бишкектеги координатору:

"Бул акция накта элдик. Анткени кимдин ата бабасы согушка катышса, өчпөс полкттун катарына кошулууга болот. Андан тышкары биздин расмий сайбызыга кирип, каалочулар өзүнүн атасынын же чоң атасынын сүрөттөрүн киргизип, эрдигин даңазалаганга мүмкүнчүлүк бар. Менимче азыркы муун муну милдеттүү түрдө жасашы керек." 
Белгилей кетсек “Өчпөс полк” акциясы биринчи жолу 5 жылын мурун Томскта белгиленген. 2 миңден ашуун ардагерлердин балдары жана неберелери борбордук көчөдөн, ата бабаларын эрдиктерин даңазалап өтүшкөн. Кийинки жылы акцияга башка шаарлар, айылдар жана өлкөлөр да катыша баштады. Анын ичинде Кыргызстан биринчилерден болуп, жүрүшкө кошулду.

Быйылкы жылы колго жасалган такталар анча көп болбойт. Көпчүлүк учурда ардагерлердин сүрөттөрүн жасалгалаган адистерге ишеним артып, ар ким өз ата бабасынын жакшы сүрөттөрүн тандап жатышат. Ал эми көрнөк чыгарган компаниялар өздөрүнүн каражаттары менен өчпөс полктун даңазасын арттырганга салым кошууда. 

Бул жылы өчпөс полктун акциялары дүйнөнүн дээрлик 50дөн ашык өлкөсүндө өтөт. Жүз миңдеген сүрөттөр жана ардагерлердин аты жөнү жазылган такталарды көтөргөн муун, алардын аталары жасаган эмгек эч качан унутулбасын дагы бир жолу далилдеп турмакчы. 

У.Бакиров, А.Талантбеков, Э.Абыкеев, КТРК


Новости по дате