http://www.ktrk.kg/Шашылыш билдирүү! Бүгүн тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Бүгүн тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт

23 Сент , 11:52 180

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, республиканын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан жаабайт. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.


Новости по дате