http://www.ktrk.kg/Чек арадагы окуяда жаракат алгандар Бишкекке которулду

Чек арадагы окуяда жаракат алгандар Бишкекке которулду

23 Сент , 12:00 50

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяда жаракат алган үч жабырлануучу Лейлектеги аймактык ооруканадан Бишкекке которулду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, жабырлануучулар 21-сентябрда Улуттук госпиталга жаткырылды. Жабыркагандардын экөө хирургиялык гастроэнтерология жана эндокринология бөлүмүндө тиешелүү дарылануудан өтүп жатат, абалдары орточо оор. 

Жабырлануучулардын бири, 27 жаштагы жаранга Улуттук госпиталга келери менен операция жасалган. Бүгүнкү күндө анын абалын дарыгерлер оор, бирок туруктуу деп баалап жатышат. Азыр ал Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө, эс-учуна келе элек. 

Ал эми 10 жабырлануучу Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда стационардык дарылуудан өтүп жатышат, абалдары канааттандыраарлык. Дагы төрт аскер кызматкерин Аскер госпиталына которуу маселеси каралууда.


Новости по дате