http://www.ktrk.kg/Бажы өткөрмө постторун санариптештирүү иштери жүрүүдө

Бажы өткөрмө постторун санариптештирүү иштери жүрүүдө

25 Сент 2019 , 9:37 200

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

«Торугарт» жана «Эркеш-Там» өткөрмө пункттарында орнотулган видеокөзөмөлдөө тутуму «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенишүү системасы аркылуу мониторингдин улуттук тутумуна кошулду. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча бажы процесстерине онлайн видео-мониторинг жүргүзүү системасы киргизилип жатат. 

Мамлекеттик бажы кызматы билдиргендей, бул мекеменин кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жакшыртууга жана кызматта коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүнү көздөйт. Видеокөзөмөлдөө системасын киргизүү иштерин 2019-жылдын аягына чейин бүтүрүү мерчемделген. Учурда 5 бажылык тариздөө жайларында видеокөзөмөлдөө камералары убактылуу сактоо кампаларынын ээлери тарабынан коюлган, ошондой эле башка жерлеринде камераларды коюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

2015-жылдын 31-мартындагы Евразия экономикалык биримдигине кошулуу жараянынын алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында 472 видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу боюнча иштер аяктады.

Новости по дате